Денизлиден 650 миллион доллардык текстиль экспорттолду

Дүйнөдө Түрк сүлгүсү жана үй текстили дегенде эң оболу Денизли эске түшөт.

1239542
Денизлиден 650 миллион доллардык текстиль экспорттолду

Түркиянын үй текстили экспортунун орто эсеп менен жарымын ишке ашырган Денизлиден жылдын биринчи жарымында 650 миллион доллардык текстиль жана конфекция экспорту ишке ашырылды.

Түркиянын үй текстилинде алдыңкы шаарларынан бир болгон Деңизлиден экспортту арттырууну талап кылган Денизли экспортчулар биримдигинин мүчөлөрү, эл аралык иш-чараларга катышып Түрк текстилинин даңазасын арттырыш үчүн тыгыз иш алып барууда.

Текстилчилер өзгөчө жана инновациялык долбоорлор аркылуу товарлардын наркын арттырып экспорт сандарын дагы жогору алып чыгуу аркетинде.

Дүйнөдө Түрк сүлгүсү жана үй текстили дегенде эң оболу Денизли эске түшөт.

Түркиядан өткөн жылы 600 миллион доллардык сүлгү жана 188 миллион доллардык халат экспорттолгон.

Түрк сүлгүсүнө эң көп талап АКШ, Германия жана Италиядан болду.

АКШга болсо эң көп халат экспорттолууда.

Денизлинин сүлгү, халат же шейшеп жаатында кишилердин жеке жактырууларына кайрылган товар түрлөрү, жаңы түстөрү, саймалары жана өзгөчө кошумчалары менен базардагы үлүшү дагы да артат.



Тектеш кабарлар