Кореялык туристтердин Түркияга болгон кызыгуусу артууда

Кореялык туристтер тарыхый жерлерге саякат кылууну каалашат.

1236631
Кореялык туристтердин Түркияга болгон кызыгуусу артууда

 

Маданияты өтө бай жана жаратылышы ажайып кооз Түркия өзгөчө түрк эли менен түптүү байланышка эгедер түштүк кореялыктар жана көбүнчө азиялык туристтер үчүн популярдуу туристтик жерлердин бири болду.

Түркияга акыркы жылдарда Ыраакы Чыгыштан келген туристтердин саны өссө түштүк кореялык туристтер, берки европалык, скандинавиялык жана орусиялык туристтерден айырмаланып маданият, тарых жана археологиялык баалуулуктарды таанууга карата саякаттарды тандашууда.

Быйылкы жылдын беш айында 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу түштүк кореялык туристтердин саны 40 пайыздан ашуун өстү. Маданият жана туризм министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда январь-май айларынын аралыгында түштүк кореядан Түркияга 83 миң 866 турист келди. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 59 миң 208 түштүк кореялык келген эле.

Өзгөчө Стамбул, Кападокия, Байыркы Эфес шаары, Анталья жана Памуккале кореялык туристтердин жаз жана жай айларында эң көп келген жерлердин башында турса, Стамбулда болсо Аясофия, Топкапы сарайы, «Султанахмет» мечити жана Капалычаршы базары бул туристтердин көздөгөн жерлеринин арасында орун алат.



Тектеш кабарлар