Стамбул аэропортунан 100 миң учуу ишке ашырылды

Стамбул аэропортун иштетүүчүсү İGAнын маалыматына караганда Стамбул аэропорту, жол тартуу сыноосун жогорку канагаттанууга айландыруу максатына болгон ылдамдыгы менен баратат.

1229705
Стамбул аэропортунан 100 миң учуу ишке ашырылды

Стамбул аэропортунан 6-апрель-1-июль күндөрүнүн аралыгына жалпы 100 миң учуу ишке ашырылды.

Стамбул аэропортун иштетүүчүсү İGAнын маалыматына караганда Стамбул аэропорту, жол тартуу сыноосун жогорку канагаттанууга айландыруу максатына болгон ылдамдыгы менен баратат.

6-апрелден бери толук кандуу тейлөөсүн баштаган Стамбул аэропорту, 6-апрель-1-июль күндөрүнүн аралыгына жалпы 100 миң учууну ишке ашырып жаңы сыймыктанууга ээ болду.

Түркиянын авиация тармагында глобалдык деңгээлдеги эң чоң долбоорлоррунан бири болгон бир гана Стамбул же Түркияда эмес, аймак жана дүйнөдө дагы тартуучу борбор болуу миссиясы болгон Стамбул аэропорту жүргүнчү санындагы өсүү менен дагы көздүн жоосун алууда.

2019-жылдын 1-30-июнь күндөрүнүн аралыгында 5 миллион 983 миң 488 жүргүнчү Стамбул аэропортун колдонсо, бул сан өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде Ататүрк аэропортун колдонгон жүргүнчү санынан 7,4 пайызга көп.

Стамбул аэропортунан  толук кандуу тейлөөсүн жүргүзө баштаган 2019-жылдын 6-апрелинен бери ички каттамдар жана тышкы каттамдар болуп бардыгы 15 миллион 988 миң 748 жүргүнчү өтсө, бул жүргүнчүлөрдүн келген жерине караганда эл аралык каттамдарда 11 миллион 946 миң 740 жүргүнчү, ички каттамдарда болсо 4 миллион 42 миң 8 жүргүнчүнүн аэропорттон учканы көрүнүүдө.

Жылдык 90 миллион жүргүнчү көлөмү менен жүргүнчүлөрүн конок кылган дүйнөнүн жаңы авиация борбору Стамбул аэропорту, бардык этаптары бүткөрүлгөндө жылда 200 миллион жүргүнчүнү тейлей алат.



Тектеш кабарлар