Батыш Жер Ортолук деңизден алты айда 921 миллион долларлык экспорт ишке ашты

Батыш Жер Ортолук деңизинен жылдын биринчи жарымында 921 миллион 455 миң 278 долларлык экспорт ишке ашырылды.

1229557
Батыш Жер Ортолук деңизден алты айда 921 миллион долларлык экспорт ишке ашты

 Батыш Жер Ортолук деңизинен жылдын биринчи жарымында 921 миллион 455 миң 278 долларлык экспорт ишке ашырылды.

Батыш Жер Ортолук деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Хаккы Бахар берген жазуу түрүндөгү маалыматта аймакта бир гана июнь айында жасалган экспорттун 129 миллион 552 миң 975 долларга жеткендигин белгиледи.

Эң көп экспортту 1-  январь жана 20 -  июндун арасында мөмө жана жашылча, экинчи эң көп экспортту болсо кен байлык секторунун ишке ашыргандыгын билдирген Бахар : "Анталия, Бурдур жана Ыспарта облустарын камтыган Батыш Жер Ортолук деңизден жылдын биринчи жарымында 921 миллион 455 миң 278 долларлык экспорт ишке ашырылды. Аймак экспортунун локомативи болгон бул эки сектордун экспорту жарым миллиард долларга жакындады. Темир жана темир тышындагы металлдар сектору, эң көп экспортту ишке ашырган биринчи 5 сектордун арасында 65 пайыздык катнаштагы өсүү менен экспортту эң көп өстүргөн сектор болду»,- деди.

Бахар Батыш Жер Ортолук деңизден эң көп экспорттун өткөн жылдардагыдай Кытай Эл Республикасына жасалгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар