Кушадасына келген круиздер

Круиз туризминин негизги борборлорунан Айдын облусунун Кушадасы районун 4 кеме менен  4 миң 400 жүргүнчү келип көрдү.

1217066
Кушадасына келген круиздер

 Круиз туризминин негизги борборлорунан Айдын облусунун Кушадасы районун 4 кеме менен  4 миң 400 жүргүнчү келип көрдү.

Эгей Порт портуна келген Бахама желектүү Marella Discovery 2 миң 846, Мальта желектүү Celestyal Olympia 1664, Бахама желектүү Wind Star 170 жана Мальта желектүү Star Flyer да 120 туристти Кушадасына алып келди.

Кемелерден түшкөн  кээ бир туристтер автобустар менен Ефес байыркы шаары менен Мариям эне жана баша жерлерди кыдырышты.

Тур программасына катышпаган жүргүнчүлөр блсо райондун борборунда соода кылышты.

Кушадасы Эгей портун иштетүү боюнча башкы директору Азиз Гүнгөр түрк кеме туризминдеги кыймылдуулуктун күн өткөн сйын арткандыгын айтты.

Портко бул жылы 56 круиз менен жалпы 46 миң 602 жүргүнчүнүн келгендигин айткан Гүнгөр : «2019 – жылдагы сезондун акырына чейин 102 кеме менен 79 миң 542 жүргүнчүнүн келишин күтүп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар