Мөмө жана жашылча экспорту

Түркиядан Орусияга январь  -  апрель айларында 184 миллион 157 миң 451 долларлык мөмө – жемиш жана жашылча экспорттолду.

1201745
Мөмө жана жашылча экспорту

Түркиядан Орусияга январь  -  апрель айларында 184 миллион 157 миң 451 долларлык мөмө – жемиш жана жашылча экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар ассоциациясынын маалыматына караганда Түркиядан 2019 -  жылдын январь  -  апрель айларында 118 өлкөгө 1 миллион 135 миң тонна мөмө жана жашылча экспорттоп, 622  миллион 463 миң 509 доллар киреше алынган.

Бул мезгилде жасалган мөмө жана жашылча экспортунда Орусия федерациясы 184 миллион 157 миң 451 доллар менен биринчи орунду алып, бул өлкөдөн кийин 61 миллион 868 миң 302 доллар менен Ирак жана 60 миллион 57 миң 582 доллар менен Румыния келди.

Бир тараптан 2019 -  жылдын биринчи 4 айында Чыгыш Кара деңизден да 36 өлкөгө 86 миң 288 тонналык мөмө жана жашылча экспорттолуп 48 миллион 784 миң 373 доллар валюта киреше кирди.

Бир гана бул аймактан жасалган мөмө жана жашылча экспортунда 37 миллион 347 миң 183 доллар менен Орусия биринчи орунду, 4 миллион 665 миң 244 доллар менен Грузия экинчи орунду, 1 миллион 91 миң 248 доллар менен Ирак үчүнчү орунду алды.



Тектеш кабарлар