AНКА Малайзияда таанытылат

Түркиянын AНКА учкучсуз учуучу аппарат системасы Малайзияда өтө турган Лангкави эл аралык деңизчилик жана авиациялык жарманкеси-2019дагы (International Maritime and Aerospace Exhibition - LIMA) туруктуу аянтта алгач ирет көргөзмөгө коюлат.

1170341
AНКА Малайзияда таанытылат

Түрк авиация жана космостук өнөр жайы акционердик коому (TUSAŞ) тарабынан өнүктүрүлгөн AНКА орточо бийиктикте көпкө дейре асманда калуучу (MALE) учкучсуз учуучу аппарат системасы 26-30-март күндөрүнүн аралыгында Малайзияда өтө турган Лангкави эл аралык деңизчилик жана авиациялык жарманкеси-2019дагы (International Maritime and Aerospace Exhibition - LIMA) туруктуу аянтта алгач ирет көргөзмөгө коюлат.

TUSAŞтын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда жарманкеде чалгындоо, байкоо, туруктуу/ кыймылдуу буталарды белгилөө, жакын аралыкта асманда колдоо жана сигналдарды чалгындоо милдеттерине карай өнүктүрүлгөн АНКА учкучсуз учуучу аппарат системасы, Т129 АТАК чабуул жана тактикалык чалгындоо тик учагы, ГӨКБЕЙ жалпы максаттуу тик учагы, ХҮРКУШ өнүккөн билим берүү учагы, ХҮРКУШ-Ж жеңил чабуул жана куралдуу чалгындоо учагы менен Улуттук чалгындоо учагынын (MMU) макеттери фирманын павильонунда орун алат.

TUSAŞтын  жооптуу кызаткерлери, өзгөчө Азия өлкөлөрү жакын алектенген АНКА учкучсуз учуучу аппарат системасы үчүн экспорт сүйлөшүүлөрүн улантып, аты аталган системалардын Малазияга берилишине карай жогорку рангада жолугушууларды өткөрөт.

Жарманкеде индустриялык кызматташтык темалары, атайын товар жана модернизация проекттери кеңири түрдө түшүндүрүлүп, аймактагы керектөөлөрдүн TUSAŞтын чыгарылыштары менен камсыздалышы үчүн иш-аракеттер уланат.



Тектеш кабарлар