Түрк чайынан 1,6 миллион доллар киреше түштү

Түркиядан жылдын эки айлык мезгилинде 59 өлкөгө чай экспорттолду.

1168683
Түрк чайынан 1,6 миллион доллар киреше түштү

Түркия быйылкы жылдын январь-февраль айларында 59 өлкөгө 1 миллион 674 миң 434 долларлык чай экспорттоду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, Түркиядан жылдын биринчи эки айлык мезгилинде 666 тонналык чак экспорттолду.

Өткөн жылдын тийиштүү айында 416 тонналык чай экспортунан 1 миллион 208 миң 231 доллар киреше түштү.

Ушундайча аты аталган мезгилдеги чайдын экспорту өткөн жылдын тийиштүү айларына салыштырмалуу көлөмү жагынан 60 пайыз, наркы да 39 пайыз өстү.

Ушул мезгилдеги чайдын экспортунда 363 миң 109 доллар менен Германия биринчи орунду ээлесе, бул өлкөдөн кийин 239 миң 71 доллар менен Бельгия, 225 миң 543 доллар менен Франция турат.

Түркиядан жылдын эки айлык мезгилинде 59 өлкөгө чай экспорттолду.



Тектеш кабарлар