Түркиядан 20 өлкөгө гүл экспорттолууда

Түркиядан 8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө карата 20 өлкөгө гүл экспорттолду.

1158373
Түркиядан  20 өлкөгө гүл экспорттолууда
cicekler.jpg
cicek.jpg
cicek ihracat.jpg

Түркиядан 8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө карата 20 өлкөгө орто эсеп менен 5 миллион доллардык кесме гүл экспорттолду.

Ортоңку Анадолунун кооздук өсүмдүктөрү жана өндүрүмдөрүн экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Исмаил Йылмаз, 14-февраль сүйүктүүлөр күнүндөгү буюртмалардын артынан 8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө камылга көргөндөрүн, орто эсеп менен 20 күндөн бери бул үчүн иштеп жаткандарын айтты.

8-Март Аялдардын эл аралык күнү үчүн акыркы жөнөтүүнү кечээ ишке ашыргандарын айткан Йылмаз: «20 өлкөгө 35 миллион тал гүл жөнөттүк. Эң көп Украина жана Болгарияга экспорт болду. Аялдар күнү дагы көп Чыгыш блогундагы өлкөлөрдө дагы кеңири майрамдалат. Европанын батыш жактарында бул өлкөлөрдөгүдөй майрамдоо жок»,-деди.

Гүл сектору катары 100дөн ашуун түрдө өндүрүш жасалганын, бирок көбүнчө гвоздика экспортолгонун белгилеген Йылмаз, ар башка түрдөгү гүлдөрдүн ички базарда бааланганын айтты. Йылмаз, 8-мартта болсо Сүйүктүүлөр күнүндө болгону сыяктуу кызыл гвоздикалар тандалганын маалымдады.


Этикеткалар: #Түркиядан , #гүл

Тектеш кабарлар