Япониядан Пакистанга 10 миллион долларлык жардам

10 миллион 600 миң долларлык келишимге кол коюлду.

1148976
Япониядан Пакистанга 10 миллион долларлык жардам

Япония, Пакистанда жетишсиз тамактанууга каршы күрөшүү, жашоо сапатын жогорулатуу жана табигый кырсыктарга даяр болуу темаларында БУУ менен 10 миллион 600 миң долларлык жардам келишимине кол койду.

Келишимге БУУнун Өнүктүрүү программасы, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Япония өкмөтүнүн ортосунда Исламабадда кол коюлду.

Ага ылайык 10,6 миллион долларлык жардамдын 3,5 миллиону Хайбер Пахтунхва провинциясындагы 155 миң эне менен баланын жетишсиз тамактануусуна каршы күрөшүү үчүн колдонулат.

Бул аймакта жашаган ооганстандык качкын эне менен балдар да жардамдан пайдаланса болот.

Жардамдын 3,5 миллион долларлык бөлүгү Уруулар аймагы деп билинген Пакистандын эң артта калган жериндеги жашоо сапатын жогорулатууга карай долбоорлордо сарпталат.

Бул жардам аркылуу өзгөчө 21 миң киши жашаган Куррам жана Оракзай аймактарында негизги муктаждыктарга жетүүнү камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү менен жумуш мүмкүнчүлүктөрүнүн көбөйтүлүшү пландалып жатат.

Жардамдын калган бөлүгү өлкөнүн Хайбер Пахтунхва, Синд жана Белужистан аймактарында табигый кырсыктарга даяр болууга багытталган долбоорлордо колдонулат.

Жардамдын алкагында цунамини эрте эскертүүчү система куралат. Ошондой эле аял жана балдарга билим берилиши максатталууда.



Тектеш кабарлар