Перс булуңунун кызматташтык кеңешинин 39-саммити аяктады

Саммиттин билдирүүсүндө Палестина доосуна жана Йеменге колдоонун, дос мамлекеттерге жардамдардын улана турганы баса белгиленди.

1103695
Перс булуңунун кызматташтык кеңешинин 39-саммити аяктады

Сауд Арабиянын борбор калаасы Риядда өткөн Перс булуңунун кызматташтык кеңешинин 39-саммити аяктады.

Перс булуңунун кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөр 2025-жылга дейре экономикалык кызматташтыктын камсыздалышы үчүн биргелешкен Перс булуңу базарынын алдындагы бардык тоскоолдуктардын жоюлушун жана Бириккен Перс булуңу аскердик командирлигинин ишке ашырылышы үчүн керектүү процедуралардын ылдам түрдө бүтүрүлүшүн талап кылышты.

Баш катчы Абдуллатиф эз-Зейани тарабынан окулган жабылыш билдирүүсүнө караганда мүчө өлкөлөр Перс булуңунун кызматташтык кеңешине баш ийе тургандарына басым жасалды.

Радикализм менен күрөшүү, укуктун үстөмдүгүнө баш ийүү жана Перс булуңунун кызматташтык кеңешинин эл аралык өнктөштүктөр аркылуу террор менен күрөшүү темасында иштеши талап кылынган билдирүүдө, аймактык жана эл аралык кагылышуулардан алыс калыш үчүн мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен тышкы саясаттарынын белгиленишинин маанилүү болгонун белгиледи.

Билдирүүдө, Палестина доосуна жана Йеменге колдоонун, дос мамлекеттерге жардамдардын улана турганы баса белгиленди.

Алдыдагы саммитке Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) жетекчилик кыла турганы маалымдалды.

Саммитке лидерлер деңгээлинде Кувейттин эмири шейх Сабах эл-Ахмед эл-Жабир эс-Сабах жана Бахрейн королу Хамед бин Иса Ал Халифе катышты. Катар, БАЭ жана Омандан лидерлер деңгээлинде катышуу болгон жок.

Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдилазиз, Перс Булуңунун кызматташтык кеңешине катышуусу үчүн Катардын эмири Тамим бин Хамед Ал Саниге расмий чакыруу барагын жөнөттү, бирок Ал Сани саммитте орун алган жок.



Тектеш кабарлар