Европа Биримдигинин(ЕБ) 2019-жылы үчүн жалпы бюджети

ЕБ Комиссиясынан, ЕБ Кеңеши жана Европа Парламентинин ортосунда 2019-жылы ЕБнин бюджетине байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында макулдашууга жетишкендери жарыяланды.

1101582
Европа Биримдигинин(ЕБ) 2019-жылы үчүн жалпы бюджети

Европа Биримдигинин(ЕБ) 2019-жылы үчүн жалпы бюджетине караганда алдыбыздагы жылда ЕБнин кирешелери 165,8 миллиард, каржылоолору 148,2 миллиард евро болмокчу.

ЕБ Комиссиясынан, ЕБ Кеңеши жана Европа Парламентинин ортосунда 2019-жылы ЕБнин бюджетине байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында макулдашууга жетишкендери жарыяланды.

Буга караганда ЕБнин 2019-жылдын бюджетинде кирешелери 165,8 миллиард, каржылоолору 148,2 миллиард евро деңгээлинде болот.

Бюджеттен өсүү, экономика жана жумуш менен камсыздоого карай программаларга 80,5 миллиард евро, дыйкандарды колдоого 59 миллиард евро, Изилдөө-өнүктүрүү программасы «Горизон-2020га» 12,2 миллиард евро, билим берүү программасы «Эразмуска» 2,8 миллиард евро бөлүнөт.

ЕБнин 2019-жыл бюджетинде Түркиядагы сириялыктарды колдоого карай программаларга да 1,45 миллиард евролук булак камсыздалат.

Бюджет темасында жетишилген макулдашуудан кийин ЕБ Кеңеши жана Европа Парламентинин бюджет макулдашуусун расмий түрдө бекитүүсү күтүлөт.

Мүчө өлкөлөр тарабынан биргелешип белгиленген саясий жана экономикалык максаттарды ишке ашырыш үчүн колдонулган бюджеттин маанилүү бир бөлүгү, мүчө өлкөлөрдүн ортосунда экономикалык жана саясий биригүүнү күчтөндүрүүнү көздөйт.

ЕБнин бюджетинде киреше жагы, чоң көлөмдө мүчө өлкөлөр тарабынан камсыздалган булактардан, каржылоолор бөлүмү болсо айыл-чарба, экономикалык жана структуралык фонддор, изилдөө, билим берүү, тышкы мамилелер, кеңейүү жана администрациялык кирешелерден турат.

ЕБнин бюджетинин текшерилишин болсо борбору Люксембургдагы Эсеп палатасы ишке ашырат.



Тектеш кабарлар