Керкүктүн мунай заты кайрадан Түркия аркылуу экспортолууда

Ирактын мунай зат министрлигинин катчысы Асым Жихад, Анадолу агенттигине бул тууралуу маалымат берди.

1089501
Керкүктүн мунай заты кайрадан Түркия аркылуу экспортолууда

Ирактын Керкүк шаарындагы кудуктардан чыгарылган чийки мунай заттар орто эсеп менен 1 жылдык мөөнөттөн кийин кайрадан Түркия аркылуу экспорттоло баштады.

Ирактын мунай зат министрлигинин катчысы Асым Жихад, Анадолу агенттигине берген маалыматында, «Күнүгө орто эсеп менен 50-100 миң баррелдик мунай зат Керкүктөн жейхан портуна экспорттоло баштады»,-деди.

ИКАБга караштуу пешмерге күчтөрү 2014-жылы июнь айында Керкүктү террор уюму ДЕАШтын кол салууларынан коргоо себеби менен Ирак армиясы бошоткон аймактарга жайгашты.



Тектеш кабарлар