Түркия менен Иорданиянын ортосундагы эркин соода келишими

Бул үчүн эки өлкөнүн ортосунда жумушчу комитети түзүлөт.

1052103
Түркия менен Иорданиянын ортосундагы эркин соода келишими

Түркия менен Иорданиянын ортосундагы эркин соода келишими жаңыланат.

Бул үчүн эки өлкөнүн ортосунда жумушчу комитети түзүлөт.

Келишимдин кеңирисин соода министри Рухсар Пекжан, борбор шаар Анкарадагы Түркия-Иорданиянын ортосундагы төрттүк Министрлер жыйналышынан кийин жарыялады.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, соода министри Рухсар Пекжан, Иорданиянын тышкы иштер министри Эймен эс-Сафеди менен Иорданиянын өнөр жай, соода жана камсыздоо министри Тарык Хаммоури, Төрттүк министрлер жыйналышынан кийин Тышкы иштер министрлигинде биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Пекжан, Ирак жана Сирияда болуп жаткан ички тирешүүлөрдүн Иорданиянын экономикасына терс таасирин тийгизгенин, өлкөнүн качкындардын агымына дуушар болгонун айтып, эркин соода келишимин кайрадан карап чыккандарын белгилеп өттү.

Пекжан: «Иорданиянын эркин соода келишиминен дагы көп пайда таба алышы үчүн өзгөчө ал өлкөнүн бул тармакта таасир алган айрым өнөр жай секторлорунун бул системадан кантип дагы көп пайдалана алат деп жумушчу комитетин түздүк. Бул багытта Иорданиянын өнөр жайын колдоого алууга, соодасын арттырууга карай, ал жердеги инвестицияларыбызды арттырууга карай иштерибиз уаланат»,-деди.



Тектеш кабарлар