Түркиянын шабдалы экспорту

15 -  августтан баштап Түркиянын шабдалы экспорту рекорддук деңгээлге чыгып 101, 8 миң тоннага жетти.

1039185
Түркиянын шабдалы экспорту

Түркиянын 15 -  августтан баштап шабдалы экспорту рекорддук деңгээлге чыгып 101, 8 миң тоннага жетти. Бул мезгилде шабдалы экспортунан 76 миллион долларлык киреше алынды.

15 -  августтан баштап Түркиянын шабдалы экспорту рекорддук деңгээлге чыгып 101, 8 миң тоннага жетти. Жаз мезгилиндеги ыңгайлуу аба шарттары шабдалы экспортун өстүрдү.

Чанаккале, Бурса жана башка бир топ шаарда өндүрүлгөн шабдалыда экспорт 15 -  августтан баштап 59 пайыздык өсүү менен 64 миң тоннадан 101, 8 миң тоннага жетти.

Эң көп экспорт 62, 7 миң тонна менен Орусияга жасалды. Түркиядан алып барылган ар бир 100 килограмм шабдалынын 61 килограммга жакынын Орусия алды.

Жалпы экспорттун 61, 6 пайызы жасалган Орусияга тышка сатуу өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 48, 3 пайызга өсүп, 42, 3 миң тоннадан 62, 7 миң тоннага чыгарып, баа катары 34, 7 пайызга жогорулоо менен 44, 4 миллиондон 59, 8 миллион долларга жетти.

Шабдалы экспортунда Орусиядан кийин Ирак, Сирия, Сауд Аравия келди.

 



Тектеш кабарлар