Кытайлык туристтер был жылы рекордго жетишет

Түркиянын Пекин элчиси Абдулкадир Өнен Түркияга келген кытайлык турист санынын был жылы 400 миңден ашып рекордго жетерин болжошкондорун айтты.

1032946
Кытайлык туристтер был жылы рекордго жетишет

Түркиянын Пекин элчиси Абдулкадир Өнен Түркияга келген кытайлык турист санынын был жылы 400 миңден ашып рекордго жетерин болжошкондорун айтты.

Түркияда инвестиция салган кытайлык фирма санынын  миңден ашкандыгына көңүлдөрдү бурган Өнен булардын арасында ICBC менен  Bank of China сыяктуу маанилүү банктар менен бирге дүйнөнүн чоң технология фирмаларынан Huaweiдин да орун алгандыгын эске салды.

Кытайдын дүйнөнүн эң чоң туризм базары  экендигине  көңүл бурган Өнен : «Кытайлык туристтер  көп акча каржашат. Барган жерлеринде күн, кум, деңизден башка маданият туризмине маани беришүүдө»,- деди. Өнен өткөн жылы 240 миң кытайлык туристтин Түркияга келгендигин эске салып, бул жылдын биринчи алты айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 97 пайыздык өсүүнүн болгондугун айтты.

«Түркияга келген кытайлык турист санынын бул жылы 400 миңден ашып рекордго жетишерин болжолдоп жатабыз»,- деген Өнен жакын бир убакта «жылда бир миллион турист максатына» жетишет деп болжолдоду.

Өнен эки өлкө башчысынын өткөн жылы май айында маданий борборлордун ачылышы тууралуу макулдашуу келишимине кол коюшкандарын да эске салды.

 

 

 



Тектеш кабарлар