Кытай Англияга соода өнөктөштүгүн сунуштады

Англиянын 2019-жылы 29-мартта ЕБнен чыгышы пландалган.

1022507
Кытай Англияга соода өнөктөштүгүн сунуштады

Кытай, Англияга Brexit тен (Европа Биримдигинен чыгуу) кийин күчүнө кире турган эркин соода келишими үчүн сүйлөшүүлөрүн баштоону сунуштады.

Дойче Велленин түркчө редакциясынын маалыматына караганда Англиянын тышкы иштер министри Жереми Хант, Кытайдын сунушуна оң карагандарын айтты.

Кытайдын борбор шаары Пекинде кесиптеши Ванг Йи менен жолугушуусунан кийин бергелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Хант: «Тышкы иштер министри Вангдын Brexitтен кийин эркин соода келишимине кол коюшу үчүн сүйлөшүүлөрүн баштоо сунушун сүйлөштүк. Муну ыраазы болуп кабыл алуудабыз. Бул сунушка баа бере турганыбызды айттым»,-деди.

Кытайдын тышкы иштер министри Ванг да, эки өлкөнүн бири-бирилерин өнүктүрүү стратегияларына активдүү түрдө катышуу, соода жана орток инвестицияларды арттыруу темасында макулдашкандарын белгиледи.

Brexit процессинин алдыбыздагы жылы бүтүрүлүшү жана Англиянын 2019-жылы 29-мартта ЕБнен чыгышы пландалган.

Англия, Brexitтен кийин соода тандоолорун өнүктүрүү үчүн АКШ менен да эркин соода келишимине кол коюну пландап жатат.

АКШда Дональд Трамп бийлигинин «Биринчи Америка» саясатынын алкагында чыгарган чектөөчү чара көрүүлөр менен башталган соода согушунда Кытай да өзүнө жаңы соода өнөктөштөрүн издөөдө.

Трамп башкаруучулугу Кытайдагы өнүккөн технология индустриясын Америка фирмаларынын технологияларын уурдагандыгы менен күнөөлөөдө жана 350 миллиард доллардык соода балансынын сальдосун толукташ үчүн Пекинди АКШдан дагы көп импорт кылууга чакырык салууда.


Этикеткалар: #Кытай , #Англия , #Brexit

Тектеш кабарлар