Малайзиялыктар 41 миллион доллар чогултушту

Малайзиянын 252 миллиард долларлык тышкы карызы бар.

1022001
Малайзиялыктар 41 миллион доллар чогултушту

Малайзия эли, өлкөнүн тышкы карызынын төлөнүшүнө салым кошуу үчүн өкмөттүн «Үмүт фондуна» 41 миллион доллар чогултушту.

Каржы министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Үмүт фонду» аркылуу эки айдын ичинде элден чогулган каражаттын 41 миллион долларга жеткендиги белгиленди.

Малай эли 30-майда ишке кирген фонд үчүн биринчи күнү эле 1 миллион 700 миң доллар чогултушкан болчу.

Малайзиянын мурунку премьер-министри Нажиб Разак мезгилинен калган 252 миллиард долларлык карызы бар.

Өлкөнүн чыгымдарынын азайтылышына карата министрлердин айлык акылары 10 пайыз кыскартылган болчу.



Тектеш кабарлар