Ирандан Түркияга 4 айда 800 миңден ашуун турист келди

Иран-Түркия соода палатасынын төрагасы Сеййид Желал Ибрахими,Ирандык жумушчулар маалымат агенттиги ILNAга маалымат берди.

1017105
Ирандан Түркияга 4 айда 800 миңден ашуун турист келди

Иран-Түркия соода палатасынын төрагасы Сеййид Желал Ибрахими, АКШнын Иранга санкцияларынын Иран-Түркия ортосундагы карым-катнаштарга терс таасир тийгизбей турганын белгилеп өттү.

Ибрахими Ирандан Түркияга акыркы 4 айда 800 миңден ашуун турист келгенин, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 12 миллиард 500 миң доллардын тегерегинде болгонун маалымдады.

Ирандык жумушчулар маалымат агенттиги ILNAга маалымат берген Ибрахими, соодага байланыштуу товарлардын башында мунай зат, жаратылыш газ, нефтехимия, кургак мөмө, шыпаалуу өсүмдүктөр жана кен байлыктар турганын айтты.

Өлкөсүнө карай санкцияларды сүйлөшүү үчүн АКШдан бир делегациянын Түркияга келгени тууралуу Ибрахими: «Түркия-Иран карым-катнаштарынын АКШнын санкцияларынан терс таасир алышын күтпөйбүз. Ушул убакка дейре эки өлкөнүн ортосундагы импорт-экспорт тармактарында төмөндөө болгон жок»,-деди.



Тектеш кабарлар