Түркияга 180 өлкөдөн 7,8 миллион турист келди

Антальяга болсо 120 өлкөдөн турист келди.

997604
Түркияга 180 өлкөдөн 7,8 миллион турист келди

Эң көп кыдырылган 10 өлкөнүн бири болгон Түркияга жылдын биринчи 4 айында 180 өлкөдөн 7,8 миллион турист келди.

Түркияга келген чет өлкөлүк туристтердин саны боюнча биринчи орунду 858 миң 17 киши менен Иран ээледи. Андан соң Германия (671 миң 665 киши), Грузия (651 миң 228 киши), Болгария (579 миң 644 киши) жана Орусия (524 миң 369 киши) турат.

Ирак, Израиль, Сауд Арабия, Кытай Эл Республикасы, Франция, Нидерландия, Англия, Греция, Румыния, Азербайжан, Украинадан да жылдын 4 айында 100 миңден ашуун киши келди.

Алжир, Кувейт, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Ливан, Иордания, Индонезия, Австрия, Бельгия, Швеция, Швейцария, Италия, Польша, Македония, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Америка Кошмо Штаттарынан да январь-апрель айларынын аралыгында 50 миңден ашуун турист толусулуп алынды.

Антальяга да 120 өлкөдөн турист келди. Алардын 65-70 пайызы орусиялык жана германиялыктар.



Тектеш кабарлар