Малай эли чогулткан каражат 19 миллион долларга жетти

Тышкы карыздарынын төлөнүшү үчүн эл акча чогултууда.

994359
Малай эли чогулткан каражат 19 миллион долларга жетти

Малайзия өкмөтү өлкөнүн тышкы карыздарынын төлөнүшү үчүн элдин колдоосун көздөгөн «Үмүт фондун» ишке киргизгенден кийин чогулган жалпы сумма 19 миллион долларга жетти.  

Экономика министрлигинин билдирүсүндө, «Үмүт фонду» аркылуу элден 18,7 миллион доллар чогулгандыгы белгиленди.

Чогулган каражат акыркы бир жумада эки эсе көбөйгөн болду. Министрлик өткөн жумада чогулган каражаттын суммасын 9 миллион доллар деп билдирген болчу.  

Малай эли 30-майда ишке кирген фонд үчүн биринчи күнү эле 1 миллион 76 миң доллар кайрымдуулук кылышкан.

Малайзиянын мурунку премьер-министри Нежип Резак мезгилинен калган орто эсеп менен 252 миллиард долларлык карызы бар.

Өлкөнүн чыгымдарынын азайтылышына карата чара көрүүлөрдүн алкагында министрлердин айлык акылары 10 пайыз кыскартылган болчу.

«Үмүт фондун» ишке киргизген премьер-министр Махатхир Мухаммед 9-майдагы шайлоону жеңип кызматка келгенинде өлкөнү кайрадан куруу чакырыгын салган эле.

 



Тектеш кабарлар