Түндүк Агым-2нин курулушу башталды
Түндүк Агым-2 долбоорунун наркы 9,5 миллиард доллардай болушу күтүлүүдө.
![Түндүк Агым-2нин курулушу башталды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1a1a/2820/7c21/5abb68dfc73af.jpg?time=1718956930)
Орусиянын «Газпром» компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн Түндүк Агым-2 газ кууру долбоорунун курулушу Германияда башталды.
Газпромдун карамагындагы Nord Stream-2 компаниясынын билдирүүсүндө, долбоордун алкагында газ алуу терминалдары жана жаңылоо борборунун курулушу Германиянын Лубмин шаарында башталганы белгиленди.
Компаниянын буга чейинки билдирүүсүндө, Түндүк Агым-2ин курулушу үчүн Германиядан керектүү уруксаттын алынганы маалымдалган болчу.
Наркы 9,5 миллиард доллардай болушу күтүлгөн Түндүк Агым-2 долбоору аркылуу жылына 55 миллиард куб метрдик орус газынын Балтика деңизинен Германияга ташылышы пландалууда.
АКШ менен Украина, Польша жана Балтика өлкөлөрү курулушуна каршы чыккан долбоордун өнөктөштөрүнүн арасында Газпром менен катар Shell, OMV, Engie, Uniper жана Wintershall сыяктуу компаниялар бар.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718956930)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718956930)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.