Органикалык азык-түлүктүн экспорту өстү

Түркия 68 өлкөгө органикалык азык-түлүк экспорттоодо.

895361
Органикалык азык-түлүктүн экспорту өстү

Түркиянын 2017-жылдагы органикалык азык-түлүк экспорттоосу, өткөн жылга салыштырмалуу 17 пайыз өсүп 87 миллион долларга жетти.

Түркиядан 68 өлкөгө органикалык азык-түлүк сатылууда.

Түркиянын 2017-жылдагы органикалык азык-түлүк соодасы, 10 пайыздык өсүү менен 21 миң тоннага жетти.

Көбүнчө данексиз мейиз, кургатылган анжир, токой жаңгагы жана кургатылган өрүк экспорттолууда.

Түрк органикалык секторунун 2023-жыл үчүн 2,5 миллиард долларлык экспорт максаты бар.

Органикалык азыктын экспортунда Германия биринчи орунду ээледи.

Бул өлкөдөн кийин АКШ жана Франция турат.



Тектеш кабарлар