Түркия өсүү жагынан дүйнөлүк лидер болду...

Түркиянын статистика мекемеси, Европанын статистика офиси жана ОЕСD көрсөткүчтөрүнөн чогултулган маалыматтар.

866115
Түркия өсүү жагынан дүйнөлүк лидер болду...

Түркиянын экономикасы жылдын үчүнчү чейрегинде кош орундуу өсүү көрсөткүчүнө жетип Европа Биримдиги (ЕБ), Чоң жыйырмалык (G20) жана Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюму (ОЕСD) өлкөлөрүнөн озуп чыкты.

ЕБ өлкөлөрүнүн төрт эсесинен дагы көп өскөн Түркия, Чоң жыйырмалыкта да өсүү көрсөткүчү менен көңүл бурган Кытай жана Индияны артка калтырды.

Түркиянын статистика мекемеси, Европанын статистика офиси жана ОЕСD көрсөткүчтөрүнөн чогултулган маалыматтарга караганда Түркия үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегинде жетишкен 5,2 баллдык өсүү ийгилигин үчүнчү чейректе (июль-сентябрь мезгили) эки эседен дагы көп арттырып 11,1 пайызга жеткирди.

Түркия, бул өсүү көрсөткүчү менен тийиштүү мезгилде ЕБ, Чоң жыйырмалык жана ОЕСD өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунга жайгашты.

Европа өлкөлөрү жылдын экинчи чейрегинде 2,1 пайыз, үчүнчү чейрегинде болсо 2,5 пайызга өстү.

Ушундайча Түркия, Европанын орто эсебинин 4 эсесинен дагы көп өсүү көрсөттү.

Европада жылдын үчүнчү чейрегинде эң көп өсүүнү көрсөткөн өлкө Румыния болду.

Румыния тийиштүү мезгилде 8,8 пайыздык өсүүгө жетишти.

Андан соң Мальта 7,2 пайыз жана Латвия 5,8 пайыздык өсүү көрсөттү.

Европанын алдыңкы экономикаларынан Нидерландия бул мезгилде 3 пайыз, Германия 2,3 пайыз, Англия 2,1 пайыз жана Франция 2 пайызга өстү.

Чоң жыйырмалыкта болсо дүйнөнүн эң чоң экономикаларынан Кытай 6,8 пайыз өссө, Индия экономикасы 6,1 пайыздык өсүү көрсөттү.



Тектеш кабарлар