Орусиянын Түркияга газ экспорту өстү

Газпромдун чет өлкөгө жалпы экспортунун көлөмү да өткөн жылга салыштырмалуу көбөйдү

791754
Орусиянын Түркияга газ экспорту өстү

Орусиянын «Газпром» компаниясынын билдирүүсүндө, 1-январдан 15-августка чейин Түркияга газ экспортунун 22.4 пайыз өскөнү белгиленди.

Билдирүүгө караганда, «Түрк агымы» долбоору аркылуу ташыла турган газды колдоно турчу өлкөлөргө да газ экспорту көбөйдү.

Газ экспортунда Грецияга 13.2 пайыз, Сербияга 40.8 пайыз, Болгарияга 11.1 пайыз, Венгрияга болсо 24.4 пайыздык өсүү болду.

Бир тараптан ушул эле мезгилде Газпромдун чет өлкөгө жалпы экспортунун көлөмү да өткөн жылга салыштырмалуу 12 пайыз өсүп 118.3 миллиард куб метрге жетти.



Тектеш кабарлар