Кыргызстандыктар Түркияда иштөө үчүн каттоодон өтүшөбү?

Уруксат берилгендердин арасында сириялыктар 8652 киши менен алдыңкы орунда турат.

785430
Кыргызстандыктар Түркияда иштөө үчүн каттоодон өтүшөбү?

Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлиги тарабынан жылдын алгачкы алты айында 46684 чет элдик жарандарга иштөөгө уруксат берилди.

Уруксат берилгендердин арасында сириялыктар 8652 киши менен алдыңкы орунда турат.

Дүйнөнүн төрт бурчунан миңдеген киши Түркияда иштөөгө уруксат алуу үчүн Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигине кайрылды.

Кылдат изилдеген министрлик жылдын алгачкы алты айында жалпысынан 55 миң 671 кайрылуудан 46 миң 684үн кабыл алды. Уруксат берилгендердин 24 миң 544үн эркектер, 22 миң 140ын аялдар түздү.

8 миң 652 Сирия, 5 миң 49 Кыргызстан, 4 миң 288 Украина, 3 миң 884 Грузия, 2 миң 581 Кытай, 1 миң 781 Түркмөнстан, 1 миң 508 Индия жана 1 миң 487 Орусия жарандары Түркияда иштей башташты.

Иштөөгө уруксат берилгендердин арасында 584 немец, 514 англичан, 395 америкалык, 351 италиялык жана 250 француздар да бар. Андан тышкары Түркияда Сингапурдан Мексикага, Йеменден Бразиляга, Эстониядан Мароккого чейин дүйнөнүн төрт бурчундагы кишилерге жумуш орду табылды.

Министрлик тарабынан 2011- жылы 17 миң 467, 2012- жылы 32 миң 277, 2013- жылы 45 миң 834, 2014-жылы 52 миң 304 жана 2015- жылы 64 миң 833, өткөн жылда болсо 73 миң 584 кишиге иштөөгө уруксат берилген.



Тектеш кабарлар