Түркияга кызыккан инвесторлор көбөйүүдө

Вице-премьер-министр Мехмет Шимшек Түркияга инвесторлордун кызыгуусу дагы да көбөйүп жатканын билдирип, «Инвесторлор Түрк экономикасынын келечеги кең экенине көздөрү жетет»- деди.

773917
Түркияга кызыккан инвесторлор көбөйүүдө

Вице-премьер министр Мехмет Шимшек Түркияга инвесторлордун кызыгуусу дагы да көбөйүп жатканын билдирип, «Инвесторлор Түрк экономикасынын келечеги кең экенине көздөрү жетет»- деди.

Чет элдик инвесторлордун Түркиянын көз карашына байланышкан суроолоруна жооп берген вице-премьер- министр Мехмет Шимшек, Түркиянын 2016- жылы ички жана дүйнөлүк абалдан улам татаал процесстен өткөнүн эскертти.

Шимшек ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияга болгон ишенимди калыбына келтирүү, өлкөгө карата жүргүзүлгөн түшүнүк (кабылдоо) операциясынын алдын алуу жана инвесторлордун пикирлерин оң тарапка өзгөртүү үчүн эл аралык экономика чөйрөлөрү менен тез-тез жолугушуу өткөргөнүн баса белгиледи.

Телеконференция аркылуу жана керек болсо бетме-бет жолугушуулар менен инвесторлорго Түркия экономикасы жана реформа иштери тууралуу маалымат берилгендигин айткан Шимшек, бул жаатта акыркы күндөрү 30дан ашуун эл аралык фонддун башкаруучулары да орун алган инвестиция тайпасы менен жолукканын билдирди.

Мында инвесторлордун кызыккан суроолоруна кененирээк жооп берип жана экономиканын азыркы абалынын мазмунун түшүндүргөндөрүн айткан Шимшек, «Түркияга инвесторлордун кызыгуусу уланууда. Инвесторлор Түркия экономикасына байланыштуу азыр бул тармактын өнүгүп бара жатканын көрүп жатат жана дагы иштиктүү жакындоолордун үстүндө»,-деп баалады



Тектеш кабарлар