Кеннединин күндөлүгү 718 миң долларга сатылды
Күндөлүктү Экинчи Дүйнөлүк согуш убагында толтурган
721741

АКШнын 35-президенти Кеннединин Экинчи Дүйнөлүк согуш убагында толтурган күндөлүгү, аукциондо 718 миң 750 долларга сатылды.
1945-жылы «Hearst» гезити үчүн эмгектенген 28 жаштагы Жон Кеннеди кызматы убагында 61 барактык күндөлүк толтурду.
Аукциондо алгач 200 миң доллардык баа коюлган күндөлүк 718 миң 750 долларга (орто эсеп менен 2 миллион 560 миң лира) сатылды.
12 барагы кол менен толтурулган күндөлүктүн 49 барагы машинка менен жазылган.