Орусиянын мунай зат экспорту өстү

Росстаттын көрсөткүчтөрү

662328
Орусиянын мунай зат экспорту өстү

Орусиянын мунай зат экспорту 4,9 пайыз өстү.

Орусиянын федералдык статистика кызматы (Росстат) тарабынан жарыяланган көрсөткүчтөргө караганда, Орусиянын мунай зат экспорту өткөн жылы январ-ноябрь айларынын аралыгында мурдагы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,9 пайыз өсүп 233,2 миллион тоннага жетти.

Ушул эле мезгилде Орусиянын жалпы экспортунда мунай заттын үлүшү 26,5 пайыздан 26,1 пайызга азайса, бардык энергетикалык продуктылардын жалпы экспортундагы үлүшү болсо 41,6 пайыздан 44,8 пайызга көбөйдү.

Өткөн жылдын ноябрь айынан тарта мунай зат экспортунда ар бир тоннасы 326,4 долларга сатылса, дүйнөлүк базар экономикасында Урал мунайынын баасы 320,3 доллар болду.

Мунай зат экспорттогон өлкөлөр уюмунун келишиминин алкагында Орусия үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде мунай зат өндүрүшүн күнүмдүк 300 миң беррель деңгээлинде азайтышы керек.



Тектеш кабарлар