Түркияда турак жай сатуулары кандай?

Түркияда өткөн жылы сатылган турак үйлөрдүн саны мурдагы жылга салыштырмалуу 4 пайызга жогорулады.

658408
Түркияда турак жай сатуулары кандай?

Түркияда өткөн жылы сатылган турак үйлөрдүн саны мурдагы жылга салыштырмалуу 4 пайызга жогорулап 1341453кө жетти.

Түркия Статистика мекемеси 2016-жылдын декабрь айына байланыштуу турак жай сатуулардын статистикаларын жарыялады.

Статистикаларга караганда өткөн жылы эң көп турак үй  Стамбулда сатылды. Стамбулдан кийин Анкара орун алды.

Декабрь айында сатылган турак үй саны болсо мурдагы айга салыштырмалуу 7,6 пайызга, мурдагы жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 0,1 пайызга өсүп 142713 болду. 2016-жылы чет элдиктерге 18189 турак үй сатылды.

Чет элдиктерге турак жай сатууларында биринчи орунду 5811 турак үй менен Стамбул алды. Андан кийин 4352 турак үй менен Анталья орун алды. Бурсада 1318 турак үй жана Айдында 871 турак үй сатылды.



Тектеш кабарлар