Эркин өнөр жайчы жана ишкерлер коомунун ишмердүүлүгү

Бир канча өлкө менен катар Кыргызстандагы кеңсесин да ачууну пландап жатат

595755
Эркин өнөр жайчы жана ишкерлер коомунун ишмердүүлүгү

Түркиянын Эркин өнөр жайчы жана ишкерлер коому 6 айдын ичинде дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде дагы 12 кеңсесин ачат.

Буга чейин Түштүк Африка-Йоханнесбург жана Германия-Карлсруэ кеңселерин, жума күнү да Македония-Скопье кеңсесин ачкан Эркин өнөр жайчы жана ишкерлер коому келээрки 6 айдын ичинде Мельбурн, Токио, Амстердам, Азербайжан, Тбилиси, Пакистан, Страсбург, Англия, Казакстан, Кыргызстан, Судан жана Бельгияда кеңселерин ачууну пландап жатат.

Эркин өнөр жайчы жана ишкерлер коомунун төрагасы Наил Олпак Түркияда 86, дүйнөдө да 65 өлкөдөгү 170 жерде өкүлдүк кылынгандарын белгилеп, өзгөчө Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин чет өлкөдөгү кеңселеринин мааниси дагы да жогорулаганын, ФЕТӨгө каршы күрөшүүдө дос өлкөлөрдүн Түркияга көрсөткөн колдоосуна кеңсе ачуу процессинде жеке өздөрү күбө болгондорун айтты.



Тектеш кабарлар