Мунай зат баалары эмне үчүн жогорулады?

Мунай зат баалары 2016-жылдын эң жогорку деңгээлине чыкты.

586798
Мунай зат баалары эмне үчүн жогорулады?

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Стамбулдагы энергетика саммитинин экинчи күнүндө мунай зат өндүрүүнүн чектелишине колдоо көрсөткөн сөздөрүн айткандан кийин мунай зат баалары көтөрүлүп кетти.

Брент үлгүсүндөгү мунай заттын баасы орто эсеп менен 1,5 пайызга жогорулап 51 доллар 48 сентке жетти.

Мунай зат бааларындагы жогорулоо эң көп Мунай зат Экспорттогон Өлкөлөр Уюмунун (OPEC) мүчөлөрүнө жарайт.

Өзгөчө төмөнкү баадагы мунай зат баалары Сауд Арабиянын экономикасына терс таасир тийгизген жана бир топ тармакта үнөмдөө башталган.



Тектеш кабарлар