Түркияда экономика өз нугунда иштеп жатат

Түркиядагы төңкөрүш аракетине бөгөт коюлгандан кийин экономика өз нугунда иштеп жаткандыгы маалымдалды.

531775
Түркияда экономика өз нугунда иштеп жатат

Вице-премьер Мехмет Шимшек улут четке каккан төңкөрүш аракетинен кийин Түркиянын ылдам түрдө нормалдаша баштаганын белгилеп, «Өлкөбүздүн макро экономикалык пайдубалы бекем. Керектүү бардык чараларды көрүүдөбүз. Сарсанаа болуунун кереги жок»,-деп айтты.

Вице-премьер Нуреттин Жаникли да, «Биржа жана банктарыбыз ачык. Стамбул жөнгө салуу жана сактоо банкы Акционердик коому, Борбордук каттоо мекемеси иштерин улантууда. Кыскасы бардык системалар ачык, бардыгы өз нугунда иштеп жатат»,-деди.

Түркия Республикасынын Борбрдук банкынын жазуу түрүндөгү жарыясында да финансылык базарлардын таасирдүү калыбына келишинин улантылышы максатында айрым чаралар көрүлгөнүн белгилеп, «Борбордук банк тарабынан банктарга керектүү накталай акча чексиз камсыздалууда»,-деген сөздөргө орун берилди.

Түркиянын банктар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Хүсейин Айдын болсо банкчылык секторунда кезексиз чара көрүлө турган абал жок экенин белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар