О'Кифтин картинасы 12,9 миллион долларга сатылды

Атын атагысы келбеген коллекционер тарабынан сатылып алынган эмгек, биринчи жолу 1923-жылы Нью-Йорктогу галереяда тигинен көргөзмөгө коюлган.

494543
О'Кифтин картинасы 12,9 миллион долларга сатылды

Америкалык сүрөтчү Жоржия О'Кифтин «Lake George Reflection» (Лейк Жорж көлүнүн чагылуусу) аттуу эмгеги Нью-Йорктогу аукциондо 12,9 миллион долларга сатылды.

20-кылымда жашаган жана Американын заманбап көркөм өнөрүнүн абдан маанилүү ысымдарынын бири болуп эсептелген О'Киф, узундугу 1,5 метр туурасы 91 сантиметр болгон картинасын 1921-1922-жылдардын арасында аяктаган.

Атын атагысы келбеген коллекционер тарабынан сатылып алынган эмгек, биринчи жолу 1923-жылы Нью-Йорк шаарындагы галереяда тигинен көргөзмөгө коюлган.

Туурасынан караганда тоонун көлгө чагылуусун көрсөткөн картина, тик абалында болсо О'Кифтин белгилүү гүлдөрүнүн бирине айланууда.



Тектеш кабарлар