Кытайлык ишкер 2 миң 500 кызматкерин эс алдырып келди
Кызматкерлер 20 учак менен Мадридге барышты.
484723

Кытайлык ишкер Ли Цзиньюань 2 миң 500 кызматкерин эс алдыруу үчүн Испанияга алып барды.
Ишкердин фирмасында иштеген кызматкерлер 20 учак менен 4-майда Мадридге барышты.
Бул фирма эс алдыруу үчүн 1 миң 650 отел бөлмөсү, 70 автобус, 4 ылдам жүрүүчү поездди ижарага алып 7 миллион евро төлөдү.
6 миң 400 кызматкерин өткөн жылы да эс алдыруу үчүн Францияга алып барган Ли Цзиньюань, белгилүү экономика журналы «Форбес» тарабынан дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында көрсөтүлүүдө.