Европа Биримдигинин Түркиядан импорту көбөйдү
Европа Биримдигинин Орусия менен болгон соода-сатыгында болсо төмөндөө байкалды.
Европа Биримдигинин Орусияга экспорт жана импорту азайса, Түркиядан импорту көбөйдү.
Европа Биримдигинин статистика кеңсесинин көрсөткүчтөрүндө, биримдиктин Орусия менен болгон соода-сатыгындагы төмөндөө көңүлдөрдү бурду.
Европа Биримдигинин Орусияга экспорту 2015-жылдын биринчи 2 айында 10,8 миллиард евро болсо, 2016-жылдын тийиштүү айында 9,4 миллирд евро болду.
Европа Биримдигинин бул өлкөгө импорту болсо аты аталган мезгилде 21 миллиард евродон 16,9 миллиард еврого азайды.
Ал эми Европа Биримдигинин Түркиядан импорту болсо көбөйдү.
2016-жылдын январь-февраль айларында импорту эң көп көбөйгөн өлкө 10 пайыз менен Япония, андан соң 9 пайыз менен Түркия жана 3 пайыз менен Швейцария жана Индия болду.
Бул мезгилде Түркияга экспорту болсо 2 пайыз азайды.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.