Дүйнөлүк банктан Иракка 350 миллион доллар

Дүйнөлүк банк Иракка 350 миллион доллар жардам берет.

379996
Дүйнөлүк банктан Иракка 350 миллион доллар

Дүйнөлүк банк көзөмөлүндөгү аймактарды өнүктүрүү максатында Иракка 350 миллион доллардык жардам берет.
Банк өлкөнүн согушта кыйраган инфраструктурасын жаңылап, күчтөндүрүү үчүн колдоо көрсөтө тургандыгын жарыялады.
Жардам оорукана, суу түйүндөрүнүн жана жолдорунун жаңылануусу үчүн колдонулат. 350 милиион доллардык жардам менен 5 жыл аралыгында Селахаддин жана Диаладагы 7 аймактын жаңылануусу пландалууда.
Ирак өкмөтү күйүүчү май бааларынын төмөндөшү жана ДЕАШ террордук уюмуна каршы күрөштүн себебинен 2015-жылы бюджетинде 20 пайыздык таңкыстык күтүлгөнүн жарыялады.
Ирактын экономикалык жана коопсуздук кризисинин эң башкы себеби коррупция болгондугу айтылууда.
Ирак өткөн жылдагы дүйнөлүк коррупция тизмесинде 5-орунда турган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар