OPEC өлкөлөрү мунай зат өндүрүү көлөмүн өзгөртпөйт

Бул чечимден кийин Brent үлгүсүндөгү мунай заттын баррель баасы 62 доллар 79 цент деңгээлине жогорулады.

293825
OPEC өлкөлөрү мунай зат өндүрүү көлөмүн өзгөртпөйт

Венада 167-жолу чогулган Мунай зат экспорттогон өлкөлөр уюмуна (OPEC) мүчө өлкөлөр, өндүрүү көлөмүн өзгөртпөө чечимин чыгарды.
Бул чечимден кийин Brent үлгүсүндөгү мунай заттын баррель баасы 62 доллар 79 цент деңгээлине жогорулады.
Уюмдун 12 мүчөсүнөн жетөөсү мунай зат өндүрүүдө чектөө коюлушун талап кылса, Сауд Арабия да арасында орун алган 4 өлкө болсо чектөөгө каршы чыгып жаткан эле.
Жыйналыштын алдында сөз сүйлөгөн Ирандын мунай зат министри Бижан Занганех мунай зат бааларынын бир топ OPEC мүчөсү үчүн жетиштүү болбогонун, 75 доллардын тегерегиндеги баанын базардын эки тарабы үчүн тең адилеттүү баа болоорун жарыялаган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар