Түрк долбоорчу тобу 7 сыйлыктын ээси болду

Designnobis АКШнын Лос Анжелес шаарында өткөрүлгөн «Эл аралык долбоорлоо Оскарлары» сынагында бир убакта 7 сыйлыкка ээ болду.

234144
Түрк долбоорчу тобу 7 сыйлыктын ээси болду

Түркиянын Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин долбоорчу тобу Designnobis, АКШнын Лос Анжелес шаарында өткөрүлгөн «Эл аралык долбоорлоо Оскарлары» сынагында бир убакта 7 сыйлыкка ээ болду.
Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин окутуучусу др.Хакан Гүрсу сынактын дүйнөнүн эң престиждүү өнөр жайлык долбоорлоо сыйлыктарынын арасында орун алганын белгилеп, долбоорлоолорунун арасында «Солар Таксинин» алдыңкы планга чыкканын айтты.
«Солар Таксинин» электрдүү унаа катары долбоорлонгонун, ошол эле учурда күн панелдери аркылуу таза энергия менен иштегенин түшүндүргөн Гүрсу, бул долбоордун транспорт жана альтернативалык күйүүчү отундуу унаалар номинациясында экиничлик сыйлыгы жана кызыктыруу сыйлыгын алганын билдирди.
"Torchia Solar" аттуу долбоорлоодо болсо ташылса боло турган заряддоо жана жарыктандыруу бөлүмү үчүн энергия булагы катары күндөн пайдаланылганын айткан Гүрсу, күн панелдери менен алынган энергиянын уюлдук телефон сыяктуу ташылса боло турган аппараттарда колдонула алышынын камсыздалганын белгиледи.
Гүрсу курч кырдаалдуу абал жана апаат болгон учурда жарыктандыруу жана белгилөө жасала алган долбоорлоонун Туруктуу жашоо номинациясында биринчилик сыйлыгына ылайык көрүлгөнүн белгиледи.
"Scorpion Lamp" деп аташкан долбоордун да үстөл лампаларынын башы жана боюн тууралоочу механизмдеринин себебинен кыска мөөнөттө түшүмсүз болуп калышына чечим табуу катары долбоорлонгонун билдирген Гүрсу, долбоордун кандайдыр бир механизмди камтыбастан алыс аралыкка чейин тууралана алган аз чыгымдуу товар болгонун белгиледи. Гүрсу "Scorpion Lamp" долбоорунун Үй эмеректери жана жарыктандыруу номинациясында үчүнчүлүк сыйлыгын алганын айтты.
Гүрсу жана анын тобу бул төрт сыйлык менен катар заманбап шаар жашоосуна ылайык такси станциясы "Taxi Station" долбоору Архитектруа жана кошумча архитектура номинациясында, модулдук бөлүкчөлөрдөн турган жана шаймандардын комбинациясын жаратууну камсыздаган иннновативдик комплекс "Modular Hand Tools" болсо Бакча, мебель жана шаймандары номинациясында кызыктыруучу сыйлыктарга ылайык көрүлдү.
Бул сыйлыктар менен «Дүйнөлүк сыйлыктуу фирмалар» тизмелөөсүндө алдыңкы 5 орунга кирген Гүрсу жана командасынын акыркы 8 жылда бардыгы 135 долбоор боюнча сыйлыгы бар.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар