Бабажан экономика тууралуу маалымат берди

Бабажан 2015 – жылы инфляция, эсеп – кысап кемчилиги жана коомдук карыздардын болсо дагы төмөн болорун айтты

291149
Бабажан экономика тууралуу маалымат берди

Вице – премьер Али Бабажан 2015 – жылы өсүүнүн өткөн жылга караганда дагы жогору, инфляция, эсеп – кысап кемчилиги жана коомдук карыздардын болсо дагы төмөн болорун айтты. Бабажан Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин Жалпы Кеңешинде депутаттардын суроолоруна жооп берди. Бабажан Түркиянын 2014 – жылдагы өсүүнүн сапаты жогору, улантууга боло турган өсүү экенин белгиледи. Бабажан өткөн 11 жылда болгондой эле 2014 - жылы да иш жерлери, фирма санынын көбөйгөнүн баса белгилеп, бул артуу болбосо өсүүнүн да болбой турганын айтты. Бабажан : «2015 – жылы 2014 – жылга караганда өсүү дагы жогору, инфляция, коомдук карыз дагы да төмөн болот. Бул бир гана биздин күтүүбүз эмес, эл аралык мекемелердин жасаган анализдеринде да ортого чыккан сан»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар