Эркин сооданын экспортко салымы

Түркиянын тышкы соода көлөмү акыркы 5 жылда 50 пайыз өсүп 39 миллиард долларга жетти.

229524
Эркин сооданын экспортко салымы

Экспортчулардын тышкы базарларда атаандаштыры менен бирдей шарттарда атаандаша алуусу жагынан маанилүү болгон Эркин соода келишимдери акыркы жылдарда Түркиянын тышкы соодасына чоң салым кошту.
Эркин соода келишимине кол койгон 17 өлкө жана өлкө тобу менен Түркиянын тышкы соода көлөмү акыркы 5 жылда 50 пайыз өсүп болжол менен 39 миллиард долларга жетти.
Түркиянын статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда Эркин соода келишимине кол койгон 17 өлкө жана өлкө тобунун ичинде тышкы соода көлөмү эң көп өскөн өлкө тобу EFTA (Швейцария, Норвегия, Исландия жана Лихтенштейн) болду.
Тышкы соода көлөмү 1 миллиард долларга жеткен өлкөлөрдүн арасында эң ылдам өскөн өлкө болсо Марокко деп катталды. Марокко менен тышкы соода көлөмү 2010-жылы 1 миллард доллар болсо өткөн жылдын аягынан тарта 2 миллиард доллардан ашты.
Бул учурда Түркиянын Ливан, Косово, Малайзия жана Фару аралдары менен кол койгон Эркин соода келишимдери бекитилгенден кийин күчүнө кириши күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар