Мунай зат бааларынын экономикаларга таасири

Орусия, Венесуэла, Бразилия жана Аргентинанын экономикалары акыркы жылдардын эң жаман сандарын көрсөттү.

175287
Мунай зат бааларынын экономикаларга таасири

Американын чийки мунай заты акыркы 5,5 жылдын эң төмөнкү деңгээлинде...
Бир жагынан бул өлкөлөрдүн 2014-жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрү жарыяланууда.
Жарыяланган көрсөткүчтөргө кайрылсак Орусия, Венесуэла, Бразилия жана Аргентинанын экономикалары акыркы жылдардын эң жаман сандарына ээ.
Мунай зат бааларынын төмөндөшү Аргентинанын биржаларын баш аламан кылды. Биржалар күндү 6,07 пайыз төмөндөө менен жапты.
Америка биржасы да чийки мунай заттын баасынын түшүшүнөн таасир алып чукул төмөндөдү. Биржалар күндү 5,5 пайыз төмөндөө менен жапты.
Түштүк Американын маанилүү мунай зат өндүрүүчүлөрүнөн болгон Венесуэла да өткөн жылды жаман өткөрдү.
Өлкөнүн учурдагы финансылык кыйынчылыктарына, төмөндөгөн мынай зат баалары да кошулган соң инфляция абдан жогорулап кетти.
Венесуэлада жылдык инфляциянын 63 пайыз болгону жарыяланды.
Бразилияда 2014-жылы экономикалык көрсөткүчтөр акыркы 14 жылдын эң жаман сандарын көрсөттү.
Дүйнөнүн эң ири жетинчи экономикасына ээ болгон өлкөдө тышкы соода таңкыстыгы быйыл 3,9 миллиард доллар болгону жарыяланды.
Дүйнөлүк кубок да өлкөнү экономикалык рецессиядан алып чыга алган жок.
Орусия экономикасын быйыл Украина менен болгон кризис тайсалдатты.
2014-жылдын инфляция сандары 11,4 пайыз деп жарыяланды.
Бул сан 2008-жылдан берки өлкөдөгү эң жогорку инфляция болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар