Кеме жана яхта экспорту 1, 3 миллиард доллар болду

Сектордун жалпы экспортунун 72, 12 пайызын Стамбул, 18, 08 пайызын да Ялова камсыз кылды.

169964
Кеме жана яхта экспорту 1, 3 миллиард доллар болду

Түркия экспортчулар парламентинин каттоолорунан алган маалыматтарга караганда кеме жана яхта секторунун экспорту 2014 - жылы мурунку жылга караганда 10. 1 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 281 миллион долларга жогорулады. Сектордун жалпы экспортунун 72, 12 пайызын Стамбул, 18, 08 пайызын да Ялова камсыз кылды. Өткөн жылы эң көп экспорт болсо 224 миллион 502 миң доллар менен Скандинавия өлкөлөрүнөн Норвегияга жасалды. Бул өлкөдөн кийин 164 миллион 600 доллар менен Маршалл аралдары келди.
Түркия айрыкча Ирак, Мальта, Германия, Италия, Панама, Сауд Арабстан, Нидерландия, Бразилия, Дания, Сингапур, АКШ жана Түркмөнстан кеме жана яхта экспортун турмушка ашырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар