Европа Биримдигинде жумушсуздук

Европа Биримдигинде жумушсуздук кабыл алынгыс деңгээлде

189016
Европа Биримдигинде жумушсуздук


Европанын Борбордук банкынын төрагасы Марио Драги Европа Биримдигинде жумушсуздук кабыл алынгыс деңгээлде экенинин белгиледи.
Драги жаш жумушсуздардын саны жогору экендигине көңүлдөрдү бурду.
Европа Биримдиги өлкөлөрүндө 15-24 курактарындагы жаштардын 23 пайызы жумушсуз жүргөнүн эске салып, мунун ысырапчылыктан келип чыкканын белгиледи.
Драги экономикалык өсүү үчүн структуралык реформалардын керектүү экенине көңүл буруп Европа өлкөлөрүн эскертти.
Борбордук банктын төрагасы Драги кризиске каршы дагы аз салык, дагы көп мамлекеттик инвестиция, атаандаштыкты арттырган структуралык реформалар болмоюнча жетиштүү болбой турганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар