Экономика министри Нихат Зейбекчи Грецияга чакырык салды

Зейбекчи Түркия-Греция ишкердик форумуна катышты.

188808
Экономика министри Нихат Зейбекчи Грецияга чакырык салды

Экономика министри Нихат Зейбекчи Грецияга чакырык салды.
Измирде «Түркия-Греция ишкердик форумуна катышып сөз сүйлөгөн Зейбекчи: «Бири-бирибизден ашып өтүүнүн ордуна чогуу басышыбыз керек»,-деди.
Зейбекчи Түркия менен Грециянын кызматташуусу бекемделсе эки тарап тең пайдасын көрөөрүн баса белгиледи.
Экономика министрлигинин координациясында Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши тарабынан уюштурулган форумга Грециянын өнүгүү министри Костас Скрекас да катышты.
Скрекас 500 грек фирманын Түркияда 6,6 миллиард доллардык инвестиция жасаганын белгилеп, энергетика, жаңы технология жана туризм секторлорунда өнөктөштүк сунуштады.
Экономика министри Нихат Зейбекчи форумдан улам бир күндүн ичинде түрк жана грек ишкерлердин ортосунда 500дөн ашуун жолугушуу өткөрө турганын белгиледи.
Экономика кабарчылары менен да жолугушкан Зейбекчи 2025-жылдагы EXPOго Измирдин талапкер көрсөтүлө турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар