Круиз туризминде максат бир жарым миллион турист

Измирдин Алсанжак портуна жылдын аягына чейин бир жарым миллион туристтин келиши күтүлүүдө.

90599
Круиз туризминде максат бир жарым миллион турист

«Сууда сүзүп жүрүүчү шаарлар» деп аталган круиз кемелери акыркы жылдарда эң көп чет өлкөлүк туристтерди алып келген Измирдин Алсанжак портуна жылдын аягына чейин бир жарым миллион туристтин келиши күтүлүүдө.

Круиз туризминин жанган жылдызы, туристтердин саны боюнча Стамбул, Кушадасы жана Анталья портторун артта калтырган Алсанжак портуна жылдын 5 айында АКШлык жана европалык жүргүнчүлөрдү ташыган 43 кеме келди.
Түркиядагы маанилүү туристтик жерлердин бири болгон Измирдин болсо круиз туризминде Түркиянын портторунун арасында алдыга чыгууда.

Жооптуулар туристтердин круиз кемелери менен Измирге маданият туризми үчүн келгендерин, Эфес сыяктуу тарыхый жерлер Измирди алдыга чыгарганын белгилешүүдө.

Чешме портуна да акыркы мезгилдерде круиз кемелери көп каттай баштады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар