Дүйнөлүк басма сөз 13.08.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль Кудс Аль Араби: Америка Кошмо Штаттары Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялоо жана коргоо үчүн аймакка 3 миң аскерин убактылуу кызматка жөнөтүүдө.
Алжазира: (Ооганстан) Талибан Газнини басып алгандан кийин Кабулга жакындады жана өкмөт операцияларды токтотсо бийликти бөлүшүүнү сунуштады.
Eldustour: Россия: «Sputnik вакцинасы Delta вариантына каршы 83 пайыз коргойт» деп билдирди.
Focus: Талибандын алдыга жылуусу - Федералдык өкмөт немистерди дароо Ооганстандан чыгып кетүүгө чакырды.
Spiegel: Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас: «Талибан өлкөнү басып алса Ооганстанга бир цент дагы берилбейт»,-деди.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Ооганстан - Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган талиптер менен сүйлөшө аларын билдирди.
El Mundo (Испания): Испан вакцинасы кечиктирилбейт: «Протеин, пайда болушу мүмкүн болгон жаңы варианттарга каршы иштелип чыгышы мүмкүн».
La Jornada (Мексика): Венесуэланын президенти Николас Мадуро оппозиция менен жолугушуунун алдында мындай деди: «Биз шантаждарды кабыл албайбыз».
El Comercio (Перу): Боливиянын мурунку президенти Эво Моралес коронавирустун эпидемиясы "биологиялык согуштун бир бөлүгү" деп айтты.
Риа Новости: Воронеждеги аялдамада күтүп турган автобус жарылып, 1 адам каза тапты, 19 адам жаракат алды.
ТАСС: Орусиянын Ички иштер министрлиги, Азербайжандын Беларустагы мурунку элчиси Исфандияр Вахапзаденин Россияга кирүүсүнө 50 жылга тыюу салды.
RT: Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу кытайлык кесиптеши Вэй Фенхэ менен болгон жолугушуусунда эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын арттырышы керектигин айтты.
Le Parisien: Франциядагы катуу ысык: 5 аймак дагы эле кызгылт сары деңгээлде.
Le Figaro: Марокко менен Израиль эки тараптуу түрдө өз элчиликтерин ачышат.