Дүйнөлүк басма сөз 9.07.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1672507
Дүйнөлүк басма сөз 9.07.2021

France 24: Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байдендин айтымында, америкалык аскерлердин Афганистандан чыгуусу 31-августта аяктайт.

Le Monde: Франциянын борбору Парижде унаалардын ылдамдыгы августтун аягынан тарта дээрлик бардык көчөлөрдө 30 км/саатка (саатына 30 чакырым) чектелет.

France 24: Covid-19 Delta варианты: Париж Испанияга жана Португалияга саякатка чыкпоону сунуштайт.

El Mundo (Испания): Испаниянын президенти Педро Санчес ачык асман алдында маска милдетин жойгондон бир күн мурун, Европа Биримдиги беткапсыз жаштар жөнүндө эскертти.

El Nacional (Венесуэла): Венесуэла Ковид-19га каршы COVAX вакциналары үчүн төлөмдөрүн төлөп бүттү, эми вакциналарды күтүү башталды.

Deutsche Welle: Дүйнөгө тез жайылып жаткан коронавирустун Delta варианты Германияда да басымдуулук кылган вариант болуп калды. Адистер коомчулукту этият болууга чакырышты.

РИА Новости: Россиянын президенти Владимир Путин Египетке учууга тыюу салууну алып салды.

ТАСС: Орусиянын Адам ден-соолугун жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо агенттигинин (Роспотребнадзор) башчысы Анна Попова, Орусияда азырынча Ковид-19га каршы катаал чараларды көрүүгө негиз жок экенин айтты.

Gazeta.ru: Талибандын делегациясы Москвага барды. Кыймылдын өкүлү Мухаммед Сохаил Шахин; Ооганстан аймагын Россияга жана коңшу мамлекеттерге кол салуу максатында колдонууга жол бербей тургандарын билдирди.

Аль Кудс Аль Араби: АКШ президенти Жо Байден: «АКШ күчтөрү Ооганстандан чыгып кетүүнү августтун аягында аяктайт».

Eldustour: Иордания менен Сауд Арабия, стратегиялык долбоорлорду каржылоо жаатында биргелешкен кызматташтыкты талкуулашты.



Тектеш кабарлар