Дүйнөлүк басма сөз 7.07.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1671221
Дүйнөлүк басма сөз 7.07.2021

Аль-Кудс Аль-Араби: Түндүк Ирактагы Эрбил аэропортуна ракеталык кол салуу болду.

Аль-Кудс Аль-Араби: Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке уранды 20 пайызга чейин байытуу ниетитин билдирди... Вашингтон болсо аны "артка кайтуучу кадам" деп мүнөздөдү.

Аль-Дустур (Иордания): Оман Султандыгы коронавирус пандемиясына каршы Курман айтта (20-24-июль) толугу менен жаап, чектөө коюуну чечти.

РИА Новости: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстандагы кырдаал тездик менен начарлап баратканын айтты.

Ведомости: Россия 10-июлдан кийин чет өлкөгө чыга турган, эмдөөдөн өткөн же ооруну жеңген адамдарды, кайтып келээрде ПЦР тесттинен өтүү милдетинен бошотту.

Известия: Украина Орусияга каршы мыйзам долбоорун көтөргөндөн кийин Орусиянын делегациясы, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ) отурумунан чыгып кетти.

El Pais, Испания: Испания Covid-19 чаралары: Каталония ушул дем алыш күнүнөн тарта түнкү көңүл ачуучу жайларды жабууда.

El Marca, Испания: Европа Кубогу-2020: Италия - Испания беттеши 1-1 эсебинде аяктады. Пенальтиде утулган Испания финалга чыга алган жок.

France 24: Евро-2020: Италия Испанияны пенальтиде утуп финалга чыкты.

Le Parisien: Франциянын борбору Парижде Ковид-19 пандемиясынын кайрадан жанданышы жетекчилерди тынчсыздандырууда.

Le Monde: Covid-19: Испанияда "өтө күчтүү жайылуу ылдамдыгынын" жаңы толкуну.

Deutsche Welle: Германия 5 өлкөгө саякаттоону чектеди.

Tagesschau: Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко санкцияларга жооп катары Германияны иммигранттар менен коркутууда.

Tagesspiegel: Германияда провинциялар 25000 көрүүчү катышкан иш-чараларга уруксат берүүнү каалашат.



Тектеш кабарлар