Дүйнөлүк басма сөз 6.07.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1670531
Дүйнөлүк басма сөз 6.07.2021

Аль-Дустур (Иордания гезити): Израиль Палестинанын Газа тилкесине тазалоочу каражат өндүрүүдө колдонулган чийки заттардын киришине жол бербей жатат.

Аль-Кудс Аль-Араби (Араб - Британ гезити): Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн Премьер-министри Абдулхамид Дибейбенин учагы Ливиянын Тобрук аэропортунан, учуп-конуу тилкесинин электр жарыгынын белгисиз адамдар тарабынан атайылап өчүрүлгөндөн кийин машиналардын жарыгынын негизинде жөнөп кетти.

Аль-Рая аль-Катария (Катар гезити): Катардын премьер-министри жана ички иштер министри шейх Халид бин Халифа бин Абдулазиз Аль-Тани, Сауд Арабия элчиси Мансур бин Халид бин Абдуллах аль-Ферхан Аль-Саудду кабыл алды.

Deutsche Welle: Россиядан Түркияга учуулар көбөйүүдө.

Ard: Германияда калктын 38 пайызы коронавирус (Ковид-19) вакцинасынын эки дозасын, ал эми 55 пайызы болсо биринчи дозасын алды.

Zdf: Европада эт керектөө азайып баратат.

Lenta.ru: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтон кастык иш-аракеттерге барса, Москванын катуу жооп кайтара тургандыгын билдирди.

ТАСС агенттиги: Камчатка жарым аралында Ан-26 учагы менен байланыш үзүлүп калганы белгилүү болду. Учакта 29 адам болгон.

Регнум агенттиги: Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусунда Россиянын президенти Владимир Путиндин Индонезияга болгон иш сапарына даярдыктардын талкууланганы белгилүү болду.

El País (Испания): (Испанияда) Беш гана автономдуу аймак жыйырма жаштагыларга Covid эмдөөсүн баштады.

Infobae (Аргентина): Никарагуа: Президент Даниэль Ортега, саясий туткундардын адвокаттары же туугандары менен жолугушуусуна уруксат бербей жатат.

Prensa Latina (Куба): Америка Кошмо Штаттарында президент Жо Байдендин өкмөтү, мурунку президент Дональд Трамптын Кубага карата саясатын колдоду.

Le Monde: Covid-19: Француз өкмөтү эмдөөнү көбөйтүү үчүн туура ыкманы издеп жатат.

France 24: Ковид-19: Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронависка байланыштуу чектөөлөрдүн 19-июлда алынып салынарын билдирди.



Тектеш кабарлар